2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 9% түздү
14 январь

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 9% түздү

Ички дүң продукт 2024-жылдын январь-декабрында алдын ала баалоо боюнча 1,5 триллион сомдун ашыгын түздү жана 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9 пайызга өстү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы  Бактыбек Кудайбергенов билдирди. 

Анын маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-декабрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 585 миллиард сомдон ашып, 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу тазаланган мунайзат продуктулардын көлөмүнүн (1,9 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин (30,5 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (20,1 пайызга), текстиль жана кийим-кече өндүрүшүнүн (15,3 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (21,7 пайызга), резина, пластмасса буюмдарынын жана курулуш материалдарынын (10,8 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (4,0 пайызга) өсүшүнүн эсебинен 5,5 пайызга көбөйдү.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 18,0 пайызды, дүң жана чекене соода – 18,5 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы - 6,3 пайызды түздү.