Базар-Коргон районунда 1177 тонна пахта жыйналды
Базар-Коргон районунда пахта терүү мезгили кызуу жүрүп жатат, деп билдирет Айыл чарба министрлиги.
Бул райондо жалпы 325 гектар жерге пахта айдалган, анын ичинен бүгүнкү күндө 302 гектар жыйналып, 1 177 тонна пахта жыйналды. Ноокен районунан келген эки пахта терүүчү машина бир күндө болжол менен 5 гектарга чейин пахта терип жатышат. Бул иштер айыл тургундарынын жана фермерлердин колдоосу менен жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө пахтанын базардагы орточо баасы 11 сомду түзөт. Пахта заводуна жеткирүү баасы дагы 11 сом деп макулдашылган, бул фермерлер үчүн жагымдуу киреше булагы болуп жатат.
Терилип жаткан пахта — К-67 сорту, ал Кытайдан алынып келинген сапаттуу үрөндөн өстүрүлгөн. Бул сорт жогорку түшүмдүүлүгү жана сапаттуу жип өндүрүүчү касиети менен айырмаланат.
Учурда пахта терүү иштери Базар-Коргон айылынын бир нече аймактарында жүргүзүлүүдө. Бул иштер айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдө жана тургундардын кирешесин көбөйтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги пахта терүү иштерин колдоп, фермерлерге техникалык жардам көрсөтүүдө. Бул колдоо пахта өндүрүшүн жогорулатууга жана айыл чарба тармагындагы туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзөт.
