Москва районунда "Якан", "Халапени" жана "Биберия" сортторунан 80 тоннадан ашык түшүм алынууда
2 сентябрь

Москва районунда "Якан", "Халапени" жана "Биберия" сортторунан 80 тоннадан ашык түшүм алынууда

Москва районунда дыйкандар болгар калемпиринин жаңы сортторун өстүрүп жатат.Алардын ичинен:

2025-жылт катары үч жаңы сорттун калемпири эгилди:

"Якан" сорту – 33 гектарга себилген. Орточо түшүмдүүлүгү гектарына 15 тоннаны түзүүдө. Бул сорттун өзгөчөлүгү – кургакчылыкка салыштырмалуу туруктуулугу жана жаңыча даамы менен айырмаланып, негизинен консервация жана соус жасоодо колдонулат.

"Халапени" сорту – 20 ы эксперименгектарга эгилген. Орточо түшүмдүүлүгү 50 тоннаны түзүп, эң мол түшүм берген сорт болуп жатат. Өзгөчөлүгү – ачуу даамы жана жогорку коммерциялык баалуулугу. Бул сортту кайра иштетүү аркылуу маринаддалган жана соус продукцияларына суроо-талап жогору.

"Биберия" сорту – 7 гектарга себилген. Орточо түшүмү гектарына 15 тонна түзүүдө. Бул сорт негизинен чоң көлөмдөгү жемиштери, тез бышуусу жана узакка сакталуучу сапаты менен айырмаланат. Негизинен ички рынокто да, экспортто да талап жогору болгон түрү.

Белгилей кетчү нерсе, бул сорттор Кыргызстанда алгачкы жолу өстүрүлүп жатат. 2026-жылы элиталык сорттору эгилип, аянтты дагы көбөйтүү пландалууда.

Ишкананын жетекчилиги заманбап кайра иштетүүчү линия орнотулуп жатканын, ошондой эле калемпир жыйноочу комбайн алынып келингенин белгиледи.

Дыйкандар жашылчанын жана мөмө-жемиштин бардык түрүн кайра иштетип, Россия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерге экспорттоп жатканын жана бардык дыйкандар менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, жаңы агротехнологияларды киргизүү аркылуу түшүмдүүлүктү жогорулатуу, сугаруунун натыйжалуу ыкмаларын жайылтуу жана жергиликтүү дыйкандарга тажрыйба бөлүшүү багытында атайын семинар-тренингдер өткөрүлөрү пландалууда.

Дыйкандар айыл чарбасындагы бул демилге республика үчүн чоң мааниге ээ экенин, келечекте экспорттук багыттагы продукциялардын көлөмү дагы да өсөрүн белгилешти.