3% жеңилдетилген насыялар дыйкан-фермерлердин түйшүгүн бир топ жеңилдетти
26 сентябрь

3% жеңилдетилген насыялар дыйкан-фермерлердин түйшүгүн бир топ жеңилдетти

Өлкөнүн дыйкан-фермерлери үчүн үрөнчүлүк чарбаларын жана питомнитерди өнүктүрүү максатында 3% чен менен жеңилдетилген насыялар каралып, элеттиктер үчүн ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. 

Анын максаты – үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын андан ары туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштырууну жана сорт жаңылоону өз убагында жүргүзүү болуп саналат. Насыяны берүү мөөнөтү 36 ай болсо, жеңилдетилген мезгили 12 айды түзөт. Берилүүчү кредиттин жалпы суммасы – 100 млн. сомду түзөт.

Жеңилдетилген 3% кредиттер, үрөнчүлүк чарбаларына, питомниктерге берилет. ... дыйкан чарбасы да дыйкандар үчүн каралган жеңилдетилген насыя алып, учурда сорт жаңылоо максатында дан эгидеринин жаңы сортторун алып, түйшүгү бир топ жеңилдеп калгандыгын айтат.

Белгилей кетсек, 3% насыя ата мекендик жана чет элдик селекциядагы таза кандуу мал менен жаңыртуу аркылуу малдын породалык курамын жакшыртуу жана азыктуулугун жогорулатуу максатында да каралган.