Министр Жээнбек Кулубаев Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешинин тегерек столго катышты
2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз-Америка Ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн тегерек столго катышты. Тегерек стол Кыргызстандын америкалык компаниялар менен кызматташтыгын бекемдөө максатында өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Министр Ж. Кулубаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык өсүштү камсыздоого жана ишкерлик климатты жакшыртууга багытталган реформалар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле ал өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун бардык баскычтарында ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
Ж.Кулубаев Кыргызстан америкалык инвесторлорго жагымдуу шарттарды сунуштоого даяр экенин айтып, артыкчылыктуу багыттарды: гидроэнергетика, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, транспортту белгиледи. Министр ошондой эле өлкөнүн медицина, туризм жана IT тармагындагы олуттуу потенциалын баса белгилеп, алдыңкы Батыш технологияларын тартууга кызыкдар экенин билдирди.
Жыйындын соңунда ТИМ башысы Борбордук Азия өлкөлөрү туруктуу өнүгүүнү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашылган саясат жүргүзүп, аймактык долбоорлорду жигердүү алга жылдырып жатканын белгиледи.
