Кыргызстандагы кунарсыз жайыт жерлерин жакшыртуу үчүн аймактарга акысыз үрөндөр таратылууда
2025-жылдын күз айларында себүү иштерин жүргүзүү максатында республикалык бюджеттен бөлүнгөн 50 миллион сом каражатка жайыт чөптөрүнүн жана эспарцеттин үрөндөрү сатып алынды. Бул тууралуу КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Ведомствого караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан бул үрөндөр өлкөнүн бардык аймактарына таратылууда.
Жалпысы 173 292 килограмм үрөн – кылкансыз түбү бош, таракбаш, жайыт райграсы жана эспарцет – 9 650 гектар кунарсыз жайыт жерлерди жакшыртуу үчүн аймактарга бекер берилүүдө.
Учурда үрөндөр Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Нарын жана Талас облустарына жеткирилди. Учурда Ысык-Көл облусунда таратылууда.
Министрлик бул демилге жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, мал чарбасы үчүн тоют базасын чыңдоого жана айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилейт.
