Чүй районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери активдүү уланууда
18 июль

Чүй районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери активдүү уланууда

Чүй районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери активдүү жана уюшкандыкта уланууда, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, жалпы 9365 гектар аянтта кылкандуу дан эгиндери өстүрүлүп жатса, бүгүнкү күнгө карата анын 4272 гектары же 45,62 пайызы оруп-жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 22 центнерди түзүүдө.

Буудай 2377 гектар аянтка себилип, анын 350 гектары жыйналып бүттү. Орточо түшүмдүүлүк — гектарына 27,1 центнер. Ал эми арпа 6988 гектар аянтка эгилген болсо, анын ичинен 3922 гектар жыйналып, түшүмдүүлүк гектарына 22 центнерди түзүүдө.

Мындан тышкары, район аймагындагы 20 гектар аянтка арпанын эки сорту — «Бакула» жана «Маргарит» сорттору эгилген. Анын ичинен 7,5 гектар жерге «Бакула», калган 12,5 гектарына «Маргарит» сорту себилген. Учурда бул аянттардан түшүм жыйноо иштери да жүрүп жатат.

Аймактагы дыйкандар айыл чарба техникаларын натыйжалуу пайдаланып, эгинди өз убагында жана жоготуусуз жыйнап алуу иштерин уюшкандыкта жүргүзүшүүдө.