Кыргызстанда QR-төлөмдөрүн жүгүртүү көлөмү эң эле жогору мааниде катталды
11 февраль

Кыргызстанда QR-төлөмдөрүн жүгүртүү көлөмү эң эле жогору мааниде катталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана инновациялык төлөм технологияларын колдонууга киргизүү жагында иштерди ийгиликтүү жүзөгө ашырууда, бул туруктуу прогресс жана алгылыктуу натыйжага жетүү менен тастыкталууда. Алсак, 2025-жылы соода-тейлөө ишканаларында 114,1 QR-код орнотулган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 95,3% көп.

Мындан тышкары, QR-төлөмдөрүн жүгүртүү көлөмү эң эле жогору мааниге жетти: 2025-жылы негизги оператор аркылуу 908,6 миллиард сом суммасына 525,1 миллион транзакция өткөрүлгөн, бул, тиешелүүлүгүнө жараша, 2024-жылдагы көрсөткүчтөрдөн 8 жана 10 эсе көп.

Белгилей кетүүчү нерсе, биздин өлкө учурда Борбордук Азияда улуттук QR-код стандартынын негизинде ар кандай төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын камсыз кылган жалгыз өлкө болуп саналат. ELQR системасына 20 коммерциялык банк жана 14 төлөм уюму туташкан, бул аталган механизм Кыргызстандын региондо эле эмес, ЕАЭБ алкагындагы алгачкы жана жогорку жетишкендиктеринин бири экендигинин далили.

2025-жылы ишке ашырылган QR -төлөмдөрүн өнүктүрүү боюнча иш-чаралар заманбап накталай эмес төлөм инфраструктурасынын  калыптанышынын маанилүү кадамы болуп, тез төлөм системасын андан ары өнүктүрүүнүн  негизин түздү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул багыттагы ишин уланта бермекчи.