Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктады
Республикада айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктады, деп билдирет Улуттук статистика комитети.
2025-жылдын аягында 605,9 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналды. Чабылган аянттан 1,8 млн. тонна дан бастырылды (тазалангандан кийинки салмак боюнча буурчак, күрүч жана гречканы кошпогондо), бул өткөн жылга салыштырмалуу 14,2%га көп. Дан эгиндеринин орточо тушүмдүүлүгү гектарына 29 центнерге жакын болду.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дан жүгөрүнүн дүң жыйымы – 5,1%, күрүчтүн - 17,0%, жашылчалардын – 11,3%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн – 17,5% жана бакча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы – 7,1% га өскөн.
Муну менен катар, өткөн жылга салыштырмалуу буудайдын – 26,8%, арпанын -26,5%, кант кызылчасынын – 43,7%, тамекинин – 44,2%, пахтанын – 49,2%, май өсүмдүктөрүнүн – 11,7%, дан буурчак өсүмдүктөрүнүн – 3,6% жана картошканын – 1,7% га дүң жыйымы азайган.
