Төрөбаев: сүттүн баасы анын сапатынан көз каранды
11 февраль

Төрөбаев: сүттүн баасы анын сапатынан көз каранды

Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 11-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине даярдык боюнча маалымат берип жатып, уйду багууга кеткен чыгымдар акталбай, сүттү кайра иштетүүчү заводдор тарабынан сүттү сатып алуу баасы туруктуу болбой жатканы тууралуу депутаттын суроосуна жооп берди.

Министр Бакыт Төрөбаев 2025-жылдын соңунан тарта сүт өндүрүүчүлөр менен аны кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы сүттүн сапатына жараша баа саясатын жөнгө салуу чаралары тартипке салынганын билдирди. Ага ылайык мурда сүт сатып алган “Белая Река”, “Үмүт” сыяктуу заводдор сүттүн баасын бир гана тариф менен аныктап алып, (мисалы үчүн жайкысын бир литр сүттү 35 сомдон) сатып алып келсе, азыркы учурда министрликтин сүттү кайра иштетүүчү заводдорго иштеп чыгып берген техникалык нускамасынын негизинде, сүттү сатып алууда анын майлуулугун эске алуу менен бааларды аныктоо чаралары киргизилген.

Азыркы күнгө карата сүттүн майлуулугу боюнча эң жогорку сапаттагы сүттүн литрин 51 сомдон, андан кийинкисин 49 сомдон, үчүнчү баскычтагы майлуулуктагы сүттүн баасын 42 сомдон сатып алуу боюнча атайын тариф аныкталган. (Сүттүн бул тарифи сезондук өзгөрүүлөргө байланыштуу өзгөрүп турушу мүмкүн). Азыркы учурда сүттүн баасын турукташтыруу боюнча Министрлик тарабынан иштелип чыккан тарифтик жөнгө салуу чараларын камтыган нускамалар сүттү кайра иштетүүчү ар бир заводдун сүт кабыл алуу пункттарынын алдына илүүгө милдеттендирилгени белгиленди.

Бакыт Төрөбаев сүттүн баасы, анын сапаты менен өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын маани-маңызы тууралуу дагы кошумча маалымат берди. Анын айтымында, азыркы учурда малдын асылдуулугун арттырууга басым жасалып, сүт жана эт багытындагы асыл тукум малды өстүрүүгө, сандан сапатка өтүүгө аракеттер жүрүп жатат. Бул боюнча дыйкан-фермерлерге, асыл тукум мал чарбаларына өндүрүмү жогору мал багып, жайылтуу үчүн арзан үстөк пайыздар менен жеңилдетилген насыялар берилип жатат.

Ошондой эле министр Бакыт Төрөбаев малдын асылдуулугун арттыруу, асыл тукум мал кармоону кеңири жайылтуу үчүн мамлекеттин эсебинен 61 млн сом бөлүнүп, асыл тукум порода малдын 270 миң доза уруктандыруу материалы сатылып алынып, акысыз уруктандыруу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.