Жалал-Абадда регионалдык инвестициялык кеңешти жандандыруу боюнча семинар өттү
Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Регионалдык инвестициялык кеңешинин демилгеси менен облустук окуу-семинар өттү.
Семинарга облус башчысы Тилек Текебаев төрагалык кылып, район, шаар башчылары жана алардын орун басарлары, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестиция тармагындагы адистер, кичи жана орто ишкерлик өкүлдөрү катышты. Алыскы Чаткал, Тогуз-Торо, Токтогул райондору жана Кара-Көл шаары видеобайланыш аркылуу катышты.
Жыйында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү демилгелөө жана долбоорлорду иштеп чыгуу жолдору боюнча маалымат берилди.
Тилек Текебаев белгилегендей, 2025-жылдын 17-июлунан тарта облустук Регионалдык инвестициялык кеңеш кайра түзүлүп, активдүү ишин баштаган.
Өкүл жетекчилерге ар бир район, шаар экиден мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун иштеп чыгуу, аймактык “Инвестициялык картаны” түзүү, инвестициялык кеңештин секретариаты менен үзгүлтүксүз байланышта иш алып баруу үчүн жооптуу кызматкерди дайындоону тапшырды.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар Жалал-Абад облусундагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулашты.
