“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы
18 июль

“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы

2025-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун (азыркы “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому) ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы боюнча бузуулар жана кемчиликтер аныкталып, аудит мезгилинде калыбына келтирилген суммаларды эске алуу жана 794 142,7 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш бузууларды белгилөө жана эскертүү менен отчет кабыл алынды.

Калыбына келтирүүгө тийиш бузуулар жалпы 794 142,7 миң сом миң сом, анын ичинде:

  • Төлөмдөрдү туура, толук жана өз убагында жүргүзүлүшүн, алар боюнча туумдардын жана айып пулдардын эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча көрүлбөгөн чаралар — 28 976,7 миң сом;
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 543 843,0 миң сом;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 941,6 миң сом;
  • Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 5 719,9 миң сом;
  • Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу – 211 476,1 миң сом;
  • Мүлктү белгиленген багыты жана/же аны сатып алуудагы максаттарына ылайык эмес пайдалануу – 1 933,2 миң сом;
  • Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо ) кем чыгуусу – 6,4 миң сом;
  • Дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 1 245,8  миң сом.