Жалал-Абад шаардык мэриясы эттин баасын сатуучулар менен макулдашты
20 сентябрь

Жалал-Абад шаардык мэриясы эттин баасын сатуучулар менен макулдашты

Жыйында учурда эттин баасы кескин жогорулап жаткандыгы белгиленип, соодагерлерге бааларды негизсиз жогорулатып жатышкандыгы түшүндүрүлдү.

 Ошондой эле, кунажын этинин 1кг мын 560 сомдон, букалардын жана койдун этин 1кг мын 600 сомдон сатуу боюнча сатуучулар менен макулдашылды. Эгерде сатуучулар жогорудагы баадан жогорулатса, эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизиле тургандыгы айтылды.

 Учурда эттин баасын көзөмөлдөө боюнча республикалык деңгээлде иш-аракеттер жүрүп жатат. Тагыраагы, мал-жандыктарды чет өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салынып, сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.