Кыргызстан сентябрь айында Россиядан 67 миң тонна дизель майын импорттоду
сүрөт: depositphotos.com
12 октябрь

Кыргызстан сентябрь айында Россиядан 67 миң тонна дизель майын импорттоду

2026-жылдын сентябрь айында Россия Кыргызстанга 67 миң тонна дизель майын жеткирген. Бул тууралуу GeoStatistica маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган багыттардын ичинен Россиядан эң көп дизель майын Монголия импорттогон — 220 миң тонна. Казакстанга 77 миң тонна, Кыргызстанга 67 миң тонна, Тажикстанга 38 миң тонна, Өзбекстанга 26 миң тонна жеткирилген.

Ошол эле учурда Өзбекстан август айында Россиядан дизель майын импорттобой, сентябрда кайрадан жеткирүүлөрдү жандандырган.

Келтирилген маалыматтарга ылайык, сентябрь айында Орусиядан аймактагы өлкөлөргө дизель майын жеткирүү көлөмү мурунку айга салыштырмалуу өскөн.