
Кыргызстан инновациялык активдүүлүк боюнча дүйнөдөгү 133 өлкөнүн ичинен 99-орунда турат
Кыргызстан инновациялык активдүүлүк боюнча дүйнөдөгү 133 өлкөнүн ичинен 99-орунда турат.
Бириккен улуттар уюмунун Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму 133 өлкөнүн экономикасын камтыган 17-Глобалдык инновация индексин жарыялады.
Индекс инновациялык ишмердүүлүктүн потенциалын, натыйжалуулугун жана алкактык шарттарын камтыган 80ге жакын көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлгөн. Бул көрсөткүчтөр ошондой эле мыйзамдардын, илим жана билим берүүнүн, рыноктун, бизнестин, инфраструктуранын ж.б. өнүктүрүү көрсөткүчтөрүн камтыйт.
Биринчи үчтүккө Швейцария, Швеция жана АКШ кирген.
КМШ өлкөлөрүн төмөнкүдөй орунда жайгашкан:
- Россия - 59-орунда,
- Украина - 60-орунда,
- Казакстан - 78-орунда
- Өзбекстан - 83-орунда,
- Беларусь - 65-орунда,
- Кыргызстан - 99-орунда,
- Тажикистан - 100-орунда.