Соода-өнөр жай палатасынын Япониядагы жаңы өкүлү дайындалды
Нургазы Исманов
25 сентябрь

Соода-өнөр жай палатасынын Япониядагы жаңы өкүлү дайындалды

КР Соода-өнөр жай палатасынын Япониядагы өкүлү болуп Нургазы Исманов дайындалды.

Ал эл аралык долбоорлор жана дипломатия тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар адис.

Учурда Токио шаарында жайгашкан Central Consultant Inc. консалтингдик компаниясында иштеп, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду курирует жана эл аралык кызматташтыкты координациялайт.

Исмановдун Палатанын Япониядагы өкүлү болуп дайындалышы кыргызстандык жана жапондук ишкерлер ортосундагы бизнес байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга өбөлгө түзөт.