"ЭУМ" ЖАКсы Ош облусунун Ноокат районундагы 6 кабаттуу курулушу бар 0,22 га жер тилкесин ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берди
КР УКМК мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштеринин алкагында Ноокат шаарында "ЭУМ" жабык акционердик коому тарабынан, аянты 0,22 га жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирип алуу менен 6 кабаттуу курулуш иштерин жүргүзүлгөндүгүн аныктады.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында «ЭУМ» жабык акционердик коомунун жетекчиси 6 кабаттуу имарат менен бирге 0,22 га жер тилкесин мамлекеттик баланска өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
Ноокат райондук мэриясынын маалыматына ылайык, Ноокат райондук Эл депутаттарынын кеңешинин аткаруу комитетинин 1983-жылдын 26-июлундагы №8-269а чечими менен Эски Ноокат айылында (азыркы Ноокат шаары) 600 орундуу маданият үйүн долбоорлоо жана куруу жөнүндө акт бекитилип, маданият үйүн курууга 1,2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
Бирок, ага карабастан 2004-жылдын 8-апрелинде Ноокат шаардык кеңешинин XXI сессиясында №XXI-I токтому кабыл алынып, анда 0,04 га жер тилкеси «МОМ» жоопкерчилиги чектелген коомуна менчикке берилгени көрсөтүлгөн.
