Октябрында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү $340,5 млн. түздү
Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын октябрында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү $340,5 млн. түзгөн.
Негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн $ 321,6 млн. көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн $ 18,9 млн. болгон.
2025-жылдын октябрь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү $ 32,5 млн. түздү.
Анын $ 29,5 млн. КМШ өлкөлөрүнө, $ 3 млн. алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
