Суу ресурстары министрлиги 2025-жылдын 27-ноябрында Digital Farmer Hackathon 2025 өткөрүлөрүн маалымдайт
22 ноябрь

Суу ресурстары министрлиги 2025-жылдын 27-ноябрында Digital Farmer Hackathon 2025 өткөрүлөрүн маалымдайт

Суу ресурстары министрлиги 2025-жылдын 27-ноябрында Digital Farmer Hackathon 2025 өткөрүлөрүн маалымдайт. Бул хакатон жаш иштеп чыгуучуларды, IT-адистерди, техникалык ЖОЖдордун студенттерин, фермерлерди, агроөнөр жай комплекси өкүлдөрүн, изилдөөчүлөрдү жана аналитиктерди чогулткан бирдиктүү аянтча болот. Иш-чара өлкөнүн айыл чарбасын санариптештирүүгө салым кошууну каалагандардын баарына ачык.

Иш-чаранын негизги багыты

Digital Farmer Hackathon 2025 – Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына арналган инновациялык санариптик чечимдерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.

Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча долбоорлорду иштеп чыгышат:

  • санариптик сервистердин прототиптери;
  • программалык чечимдер жана алгоритмдер;
  • маалыматтарды талдоо инструменттери;
  • ресурстарды көзөмөлдөө жана башкаруу системалары;
  • агрардык өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулаткан технологиялык чечимдер.

Өндүрүмдүүлүктү жакшырткан, процесстерди оптималдаштырган, заманбап технологияларды киргизген жана агрардык сектордун туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулат.

Сыйлыктар жана байгелер

Хакатондун жалпы байге фонду – 200 000 сом. ал үч жеңүүчү команданын арасында бөлүштүрүлөт.

Кимдер катышса болот

  • техникалык, экономикалык жана агрардык багыттагы студенттер жана бүтүрүүчүлөр;
  • жаш адистер жана баштапкы деңгээлдеги иштеп чыгуучулар;
  • IT-командалар, программисттер, аналитиктер, дизайнерлер;
  • ишкерлер, стартап лидерлери жана агроөнөр жай эксперттери;
  • айыл чарбасын санариптештирүү боюнча идея сунуштоону каалаган бардык жарандар.

Иш-чарага реалдуу агрардык маселелерди чечүүгө умтулган бардык катышуучулар кошула алышат.

Катталуу студенттерге, адистерге, иштеп чыгуучулар командасына жана Кыргызстандын агрардык санарип өнүгүүсүнө салым кошууну каалагандардын бардыгына ачык.

Digital Farmer Hackathon 2025 APIU, ФАО, Green Light ITS, IBM, Salavat Events жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду менен өнөктөштүктө өтөт.

Digital Farmer Hackathon 2025 – агротехнологияларды өнүктүрүүгө, жаш адистерди колдоого жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын эң маанилүү секторлорунун бири болгон айыл чарбасына инновацияларды киргизүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Министрлик бардык кызыкдар катышуучуларды агрардык тармактын келечегин өзгөртө турган чечимдерди бирге түзүүгө чакырат!