Кыргызстан Ислам корпорациясынын мүчөсү болушу ыктымал
Финансы министрлиги
18 июнь

Кыргызстан Ислам корпорациясынын мүчөсү болушу ыктымал

Кыргызстан Экспорттук кредиттерди жана инвестицияларды камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясынын мүчөсү болушу ыктымал. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баку шаарында өтүп жаткан Ислам өнүктүрүү банкы тобунун Жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Инвестицияларды жана экспорттук кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясынын (ICIEC) башкы директору доктор Халид Халафалла менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды жана экспорттук кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясынын курамына кошулуу маселесин талкуулашты.

Жакынкы аралыкта корпорациянын Башкаруучулар кеңешинин жыйыны өтүп, анда Кыргыз Республикасынын аталган эл аралык уюмга мүчө болуу боюнча өтүнмөсүн жактыруу маселеси каралары белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын корпорацияга кошулуусу инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана эл аралык экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы келечектеги кызматташтыктын алкагындагы өз ара аракеттенүү механизмдерин кеңири талкуулоо жана түшүндүрүү максатында корпорациянын делегациясынын Кыргыз Республикасына сапары күтүлүп жатканы белгиленди.