Салык кызматында Temu платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Мирлан Рахманов жана Кубанычбек Ысабеков КР Башкы прокуратурасынын жана "Кыргыз почтасы" ААКнын өкүлдөрү менен биргеликте «Temu» электрондук соода платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.
МСКдан кабарлашкандай, жолугушуунун негизги темасы платформанын каттоодон өтүүсү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү маселелери болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча пикир алмашып, онлайн чөйрөдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана салыктык милдеттемелерди аткаруу механизмдерин талкуулашты. Temu платформасынын өкүлдөрү жергиликтүү мыйзамдардын талаптарын аткарууга кызыктар экендигин билдиришип, Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн каттоого даяр экендигин тастыкташты.
Жыйынтыгында катышуучулар эл аралык электрондук сооданын өнүгүшү, ишкердик демилгелер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында конструктивдүү кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ачыктык жана диалогго даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
