Жыл башынан бери өлкөнү газдаштырууга 1 миллиард сом жумшалды
Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан 2024-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөбүздөгү газ тармагын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалып, Бишкек шаарынын Бакай-Ата, Төкөлдөш калктуу конуштарында, Чүй облусунун Новопокровка, Новопавловка айылдарында жалпысынан 131 чакырым газ түтүктөрү курулган.
«Ошондой эле Бишкек шаарынын Эне-Сай, Ак-Босого, Арча-Бешик калктуу конуштарын жана Чүй облусунун Селекция айылын газ менен камсыздоо үчүн долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми газ бөлүштүрүү тармагына жалпысынан 13 454 абонент кошулду», - деген баяндамачы 2024-жылга жаратылыш газы менен камсыздоонун болжолдуу көлөмү 500 млн м³ түзөрүн кошумчалады.
Талкуу маалында депутат Алишер Козуев аймактарды газдаштыруу зарылчылыгын айтып, аталган маселеге өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Буга «Газпром Кыргызстан» ишканасынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Бишкекти каптаган ыш, кара түтүн көйгөйүн чечүү үчүн борбор калаанын райондорун жана жаңы конуштарды артыкчылыктуу тартипте көгүлтүр отун менен камсыздоо аракети көрүлүп жатканын маалымдады.