Алмамбет Шыкмаматов эл аралык эксперттер менен жасалма интеллектти киргизүү маселесин талкуулады
7 сентябрь

Алмамбет Шыкмаматов эл аралык эксперттер менен жасалма интеллектти киргизүү маселесин талкуулады

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов YZi Labs (буга чейин Binance Labs) тарабынан колдоого алынган санариптик инфраструктураны иштеп чыгуучу Sign компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө салыктык башкарууну санариптештирүү, заманбап санариптик чечимдерди өнүктүрүү жана салык системасына жасалма интеллект технологияларын киргизүү багытындагы кызматташуунун келечеги талкууланды.

Салыктык башкаруунун санариптик инфраструктурасын модернизациялоого, ошондой эле жасалма интеллект технологияларын Салык кызматынын негизги аналитикалык системаларына интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, ата мекендик IT потенциалды өнүктүрүү жана жергиликтүү адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды. Тактап айтканда, заманбап технологияларды өздөштүрүү, жасалма интеллект жана санариптик чечимдер жаатында практикалык көндүмдөргө ээ болуу боюнча окутуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну улантууга жана салыктык башкарууну санариптик трансформациялоону мындан ары өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экендигин билдиришти.