Кыргызстанда инфляция 11%га жеткени калды: Бакетаев муну макроэкономиканын мыйзамы деп атады
Кыргызстандагы инфляция быйыл 11 пайызга жетейин деп калды. Бул боюнча Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев парламент жыйынында билдирди.
Айтымында, инфляциянын чоң көлөмүн ресторан жана мейманкана бизнеси түзүүдө.
“Биз эсептик ставканы көтөрбөдүк, 12 пайыз менен кармап турабыз. Бирок бул жылы инфляция 11 пайызга жетейин деп калды. Азыр башка механизмдерди колдонуп жатабыз. Иран менен кандайдыр бир келишим түзүлүп, геосаясий кырдаал оң жагына бурулушун күтүүдөбүз. Жыл аягына чейин эсептик ставканы көтөрбөй турууга аракет кылабыз. Бирок айла жок, биз импорттон көз каранды өлкөбүз”, – деди ал.
Депутат Камила Талиева азык-түлүк, айыл чарба продукцияларына болгон баанын көтөрүлүшү элдин нааразычылыгын жаратып жатканын эстетип, баалардын көтөрүлүшү боюнча алдын алуу чаралары жүргүзүлүшү керектигин билдирди. Ал “эл эртеңки күндөн кооптонбогудай болушу керек” дейт.
Бакетаевдин айтымында, макроэкономиканын мыйзамы боюнча экономика өскөндө, анын артынан инфляция дагы өсөт. А бирок Кыргызстандагы бүгүнкү инфляция импорттук инфляция болууда.
