“Бул сизге жагып жатабы?” – Мавлянова Бакетаевге Кыргызстанда дээрлик ар бир үй-бүлө кредитке батып калганын эстетти
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Кыргызстанда импорт 4 эсеге – 12 миллиардка көбөйүп, экспорт тескерисинче 2,7 миллиардка түшкөнүн билдирди.
Ал мындай “терс сальдо” экономиканы туңгуюкка алып барышы мүмкүндүгүн эскертип, Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаевден соода балансын жаратуу боюнча кандай иштер аткарылып жатканын сурады.
“Бул төлөм системасындагы статистика. Биз импортко көз каранды өлкө болуп жатабыз, андыктан эл аралык фонддо резервдерибиз бар. Кимге кандай валюта керек болсо толук кандуу жеткирип жатабыз. Бул жерде эч кандай коркунуч жок, 3 айга жете турган эл аралык валюта запастарыбыз турат”, – деди ал.
Мавлянова төрага айткан чаралар менен маселени чечүү мүмкүн эместигин, экспортту көбөйтүү үчүн атамекендик өндүрүштү көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Аны менен катар башка жактан алынган арзан кредиттерди өндүрүш үчүн мамлекеттик банктар аркылуу арзан берүүгө чакырды.
“Элдик банк, Айыл банк мамлекеттик банктар да. Сырттан келген акчаны өндүрүшкө кымбат берип жатабыз. Россия өнүктүрүү фонду гана 6 пайыз менен берет. Өндүрүш үчүн кредиттер кымбат болуп жатат, андыктан өнүгүп кетүүсү кыйын”, – деди депутат.
Бакетаевдин айтымында, ири улуттук долбоорлор үчүн салык преференциясы жана башка механимдер бардыгын айтты эле, ага депутат “мунун баары жетишсиз” деп жооп берди.
Ошондой эле депутат төрагадан: “Кыргызстанда канча үй-бүлө барын билесиздерби? 2025-жылы 1,4 миллион жеке жактарга жана юридикалык жактарга кредит берилди деп жатасыздар. Ошондо, дээрлик ар бир үй-бүлө карызга батып калдыбы?” – деп сурады.
“Эми кредит алса карыз болот да”, - деди Бакетаев.
“Бул сиздерге жагып жатабы? Көбү керектөө кредитин алышат жана анын пайызы көп болгондуктан кыйналып жатышат. Эл деген эл экен да, кийин кантип төлөйм деген эсебин чыгарбай эле ала беришет”, – деди Мавлянова.
Алмаз Бакетаев Улуттук банк ушул маселеге көңүл буруп, кредит боюнча элге кеңири маалыматтарды жеткирүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.
“Банктар бүгүнкү күндө сурагандын баарына эле кредит бере беришпейт, булак болушу керек. Сиз айткан маселе абдан курч, бирок чеч турган жолу көп”, – деди ал.
Мавлянова “банктар элдин эсебинен жакшы эле акча таап жатышканын” белгилеп, “элдин кыйналганын эске алыңыздар”, – деди төрагага.
