“Мээрим” рестораны Ош шаарынын казынасына 14 млн сом карыз
18 октябрь

“Мээрим” рестораны Ош шаарынын казынасына 14 млн сом карыз

Ош шаарындагы белгилүү “Мээрим” рестораны муниципалдык аймакта турган жери жана башка коммерциялык имараттары үчүн ижара акысын көп жылдан бери төлөбөй келет. Чогулуп олтуруп жалпы 14 млн сом карыз. Ага карабай билмексен болуп ишмердүүлүгүн улантып, күн сайын пайдасын таап чөнтөгүнө салып жатышат. Мамлекеттин, элдин акысын бергиси жок.

Ресторанды жана жанындагы соода түйүндөрдү иштетип келе жаткан ээлери, көп жыл мамлекеттик кызматтарды аркалаган, жогорку кеңештин депутаты болгон бир туугандар Равшан Рысбаев жана Рустам Мамановдорго таандык. Мамлекеттик кызматтарды аркалаганы менен мамлекет алдындагы милдетин унутуп калышкандай.

Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев 14 млн сом ижара акысын 1-ноябрга чейин шаар казынасына төгүү боюнча мөөнөт берди. Эгерде аталган убакыт аралыгында төлөнбөсө, анда мэрия ресторан жана соода түйүндөр турган муниципалдык жер тилкесин курулуштардан бошотууга аргасыз болот.