Ак-Талаада сафлор майын өндүрүү көлөмү 16 эсеге өсөт: Түркиядан жаңы жабдуулар келди
4 декабрь

Ак-Талаада сафлор майын өндүрүү көлөмү 16 эсеге өсөт: Түркиядан жаңы жабдуулар келди

Ак-Талаа районуна ВВП ООН долбоорунун каржылоосу менен сафлор майын чыпкалоочу ишканага Түркия мамлекетинен жаңы өндүрүштүк жабдуулар алынып келди. Бул тууралуу жеке ишкер Акылбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы линиянын мүмкүнчүлүгү суткасына 800 кг сафлор майын сыгууга жетет. Учурда жабдуулар орнотулуп, ишкана жакынкы күндөрү толук кандуу иштей баштайт.

Буга чейин ишкана кардарлардын суранычы боюнча күнүнө болгону 50 литрге чейин май чыгарып келген. 2023-жылдын күз мезгилинен бери иштеп келе жаткан ишкана өткөн жылы 5 тонна, быйыл болсо 10 тоннадан ашык сафлор уругун кайра иштеткен.

Учурда сафлор майынын 1 литри 200 сомдон сатылууда.

Жаңы жабдуулардын орнотулушу район аймагында кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.