Нарында фермерлерге сүт секторун колдоо үчүн жаңы жабдыктар берилди 
21 август

Нарында фермерлерге сүт секторун колдоо үчүн жаңы жабдыктар берилди 

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 21-августта Нарын облусунун фермерлерине жалпы наркы 3 млн 92 миң сомдук жабдыктар тапшырылды.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, алардын ичинде 33 даана сүт саачу аппарат жана 349 даана атайын мал алдына төшөлчү желим килемчелер бар.

Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөгул Беков жана фермерлер катышышты.

Жабдыктар сүт секторундагы фермерлердин ишин жеңилдетүүгө жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү.