«Тамчы» аймагын башкаруучу компаниянын бюджетке чегерүүлөрү 0,03% өлчөмүндө белгиленди
Кыргызстандын Министрлер кабинети «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясынын түшкөн кирешесинен республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмүн белгиледи.
Тиешелүү токтомго 2026-жылдын 21-октябрында кол коюлган.
Токтомго ылайык, «Тамчы» аймагын техникалык ишке киргизүү мезгилинде жана анын толук кандуу иши башталганга чейин башкаруучу компаниянын кирешесинен республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү 0,03% деп белгиленди.
Башкаруучу компанияга республикалык бюджетке чегерүүлөрдү эсептөө жана төлөө тартибин аныктаган актыларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда ушул ченемди эске алуу сунушталды.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ал 2026-жылдын 23-октябрында «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган.
