Кыргызстанда октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га жогорулайт
1 октябрь

Кыргызстанда октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га жогорулайт

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунда айтылат.

Ал маалымдагандай, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт.

"Ата-апаларыбызды татыктуу пенсия менен камсыздоо аракеттери акыркы үч жылда чоң көрсөткүчкө жогорулады. Алсак, 2022-жылы пенсиялар орточо 33 %га көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38 %га жогорулады. 2024-жылы пенсияларды эки этап менен жогорулатып, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонмун. Бул тапшырманын негизинде 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген", - деди президент.

Мамлекет башчысы мына ушундай аракеттердин жана жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу КР Конституциясынын 44-беренесинин ченемдерин аткарууга жетиштик деп кошумчалады.