Сүрөт ачык булактардан алынды
3 август
Дыйкандар үчүн жакшы жаңылык! Мал чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берилет
Министрлер кабинети асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген каржылоо программасын бекитти.
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, эми фермерлер жана асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенген субъекттер жылдык болгону 3% үстөк менен насыя ала алышат.
Жаңы механизмдин алкагында жеңилдетилген насыялар:
- асыл тукум заводдорго жана фермаларга;
- асыл тукум мал импорттоочуларга;
- жасалма уруктандыруу боюнча техниктерге;
- асыл тукум бодо мал, топоз, жылкы, кой жана эчки багып өстүргөн дыйкан (фермер) чарбаларга жана жеке ишкерлерге берилет.
Насыянын мөөнөтү 60 айга чейин, ал эми жеңилдетилген мезгил 12 айга чейин каралган. Каржылоонун көлөмү 20 миллион сомго чейин жетет.
Программанын негизги максаты – өлкөдөгү асыл тукум малдын санын көбөйтүү, малдын сапатын жакшыртуу жана фермерлердин өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Жеңилдетилген насыя алуу үчүн жарандар «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу кайрыла алышат.
