
Быйыл Кыргызстандын ИДПсынын көрсөткүчтөрү 1,5 трлн. сомго жетери күтүлүүдө
“Биз экономиканы масштабдуу индустриялаштырууга өтүп жатабыз – мындан ары биз жыл сайын 100 өнөр жай объектисин ишке киргизебиз”, - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.
Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, ийгиликке жетүү үчүн инновациялык мамиле, технологиялык сабаттуулук жана инженердик ой жүгүртүү керек.
"Улуу максаттарга жетүү үчүн кереметтин кереги жок - өзүнө жана өлкөсүнө ишенген күчтүү адамдар керек", - деди ал.
Акылбек Жапаров жетишкендиктердин эң айкын далили катары кызмат көрсөтүү экспортунун тездик менен өсүп жатканын белгилеп, бул биздин өлкө башка өлкөлөрдүн рыногуна ишенимдүү кадам таштап жатканын кошумчалады. 2023-жылы биздин өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 5,4 миллиард долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өстү.
“Биз Кыргызстан кантип дүйнөлүк картадагы кичинекей звенодон өлкөлөр менен континенттерди байланыштырган маанилүү транспорттук түйүнгө айланып баратканын көрүп жатабыз. Биз өзүбүздүн ишибизди ушундай түзө алдык, өткөн жылы өлкөнүн ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл ИДПнын көрсөткүчтөрү 1,5 триллион сомго жетет. 3 жылдын ичинде биз өлкөнүн бюджетин 3 эсеге көбөйтө алдык”, - деди ал.