МСКда ЭКӨУ өкүлдөрү менен трансферттик баа түзүү темасында жолугушуу өттү
Мамлекеттик салык кызматында экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) консультанттары менен жолугушуу болуп өттү.
Эксперттер делегациясынын курамына төмөнкүлөр кирди:
• Томас Балко мырза — ЭКӨУ катчылыгынын улук салык кеңешчиси;
• Джессика Ранкин-Диксон айым — ЭКӨУ катчылыгынын салык жана саясат боюнча кеңешчиси;
• Наурызбек Абдуохапов мырза — Казакстан Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитетинин резидент эместерге салык салуу башкармалыгынын эксперти.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Кубанычбек Ысабековдун жана Бакыт Джиенбековдун жетекчилигинде өттү.
Жолугушуунун максаты экономикалык, укуктук жана методологиялык чаралардын комплексин ишке ашырууну болжолдогон натыйжалуу салык системасын түзүү маселелерин талкуулоо болду. Ошондой эле трансферттик баа түзүү жаатындагы негизги маселелер жана эл аралык практикалар каралды.
Кубанычбек Ысабеков өз сөзүндө салык салуу чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктар барган сайын татаал жана глобалдуу болуп бараткандыгын, ошондуктан өлкөлөр ортосунда аракеттерди координациялоону жана билимди активдүү алмашууну талап кылаарын белгиледи.
"Салык салуудан качуу схемалары эл аралык масштабга ээ болууда. Биз, Салык кызматынын өкүлдөрү катары, бул өзгөртүүлөрдүн алдыңкы сабында болуп, салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек", — деп баса белгиледи төраганын орун басары Кубанычбек Ысабеков.
ЭКӨУ консультанттары менен жолугушууга текшерүүлөр башкармалыгынын, ири салык төлөөчүлөр менен иштөө жана методология бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
ЭКӨУ эксперттери менен биргелешкен иш-чара үч күнгө созулат. Ал салыктык башкаруунун негизги аспектилерин талкуулоого, тажрыйба алмашууга жана трансферттик баа түзүү маселелеринде Мамлекеттик салык кызматынын адистеринин потенциалын бекемдөөгө багытталат.
