Кыргызстан жарым жылда 5,6 миң тоннадан ашуун балык өндүрдү
17 июль

Кыргызстан жарым жылда 5,6 миң тоннадан ашуун балык өндүрдү

2025-жылдын 16-июлунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Балык өнөр жай комплекси департаментинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчеттук жыйыны болуп өттү.

Анда маалым болгондой:

  • 5645,37 тонна товардык балык өндүрүлдү;
  • 188,5 тонна балык жана балык азыктары экспорттолду;
  • балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча прогноздук план кабыл алынды;
  • 18 балык чарбалык-биологиялык негиздеме, 23 суу объектинин паспорту жана 10 корутунду иштелип чыккан;
  • 5 илимий-изилдөө жана балыктандыруу иштерине уруксат берилген.

Мындан сырткары, эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алардын ичинде:

Корея Республикасынын Деңиз институтунун колдоосу менен Балык чарбасын өнүктүрүү боюнча Улуттук борбор түзүлүүдө, ФАО тарабынан форель багуу секторун колдоо долбоору ишке ашырылууда жана ТИКАнын көмөгү менен Өзгөн районунда инкубациялык цех курулуп, жылына 15 миллион чабак өстүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында электрондук балык уулоо билети аркылуу 2 877 248 сом түшкөн.

Министр Бакыт Төрөбаев товардык балык өндүрүүнү жана экспортту көбөйтүү, “Кыргыз форели” брендин өнүктүрүү жана пайдаланууга жарактуу суу объектилерин натыйжалуу башкаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.