Быйыл дан эгиндери былтыркы жылга салыштырмалуу 13,3 миң гектарга көп жыйналууда
2025-жылдагы дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери республика боюнча улантылууда. 2025-жылдын 28-июлуна карата жалпы 677,7 миң гектар дан эгиндеринин айдоо аянтынын ичинен 264,3 миң гектары жыйналып, бул 39,0 пайызды түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3 миң гектарга көп.
Негизги көрсөткүчтөр боюнча маалымат:
- Буудай – 247,6 миң гектар аянттын ичинен 145,6 миң гектары жыйналып, 58,8 %ды түздү (2024-жылга салыштырмалуу +16,7 миң га). Дүң жыйым – 286,8 миң тонна.
- Арпа – 249,3 миң гектардын ичинен 145,6 миң гектары жыйналып, 47,6 %ды түздү (2024-жылга салыштырмалуу 3,4 миң гектарга аз). Дүң жыйым – 188,7 миң тонна.
- Жүгөрү, чанактуу жана башка дан өсүмдүктөрү – жыйноо иштери азырынча баштала элек.
Мындан тышкары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жашылча, бакча өсүмдүктөрүн жана картошканы жыйноо иштери да уланууда. Алсак:
- Картошка – эрте бышкан сорттору 6,15 миң гектар аянттан жыйналып, дүң жыйым 96,8 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк 158,2 центнер/гектарга жетүүдө. Белгилей кетсек, 2025-жылы картошканын жалпы айдоо аянты 64,6 миң гектарды түзөт.
- Бахча өсүмдүктөрү – 11,74 миң гектар аянттын ичинен 3,35 миң гектардан түшүм жыйналды, дүң жыйым – 86,5 миң тонна.
- Жашылча өсүмдүктөрү – 56,6 миң гектардын ичинен 9,2 миң гектардан түшүм жыйналып, дүң жыйым 203,2 миң тоннаны түзүүдө.
- Техникалык камсыздоо:
- Бүгүнкү күндө оруп-жыйноо иштерине жалпысынан 907 комбайн тартылган.
