Кыргызстанга чочко этинин импорту дээрлик 79% га өстү
2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 426,8 тонна чочконун эти импорттолгон. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 78,6%га көп.
Импорттолгон продукциянын жалпы наркы 87,5 млн сомду же 1 млн АКШ долларынан бир аз ашык сумманы түзгөн. АКШ долларындагы эсеп менен импорттун наркы 68%га жогорулаган.
Чочконун этинин жарымынан көбү Казакстандан алынып келинген. Тактап айтканда, бул өлкөдөн 230,8 тонна эт 542,4 миң АКШ долларына импорттолгон.
Россия Кыргызстанга 196 тонна чочконун этин 459,3 миң АКШ долларына жеткирген. Ошол эле учурда Россиядан импорттолгон эттин көлөмү натуралдык көрсөткүч боюнча 11,3%га кыскарган.
Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын январь–май айларында Кыргызстан 239 тонна чочконун этин импорттоп, анын наркы 596,4 миң АКШ долларын түзгөн.
