МСК: эсеп-фактураларды тариздөө мөөнөттөрү жаңыртылды
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө жеке ишкерлер жана уюмдар үчүн кызмат көрсөтүүлөр жана жумуш аткаруу боюнча эсеп-фактураларды тариздөө мөөнөттөрүнүн өзгөргөндүгү тууралуу маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык, эсеп-фактура эми отчеттук айдан кийинки айдын он жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен таризделиши керек.
Аталган эреже ошондой эле соода платформалары аркылуу товарларды сатуу, калкка кызмат көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу учурларына да жайылтылат.
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө колдонуудагы мыйзамдардын талаптарынын толук сакталышын камсыз кылуу үчүн электрондук эсеп-фактураларды тариздөөдө белгиленген мөөнөттөрдү эске алууну сунуштайт.
