
Кыргызстанда Урал банктарынын филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды
Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Максат Тентимишов Свердлов районунун Чакан жана орто бизнес бирлигинин Банк комитетинин жетекчиси, «Челиндбанк» ААКтын Екатеринбургдагы кеңсесинин жетекчиси Эдуард Просвирнин менен жолугушту.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар банк тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Башкы консул глобалдык экономикалык чакырыктарга каршы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен аракеттер эки өлкөнүн каржы системасын чыңдоого жардам бере аларын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал Кыргызстанда Урал банктарынын филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Челябинск шаарында банктын платформасында Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн презентациясын биргелешип өткөрүү боюнча макулдашышты.
Э.Просвирнин Кыргызстан менен банк жана жалпы эле бизнес тармагында ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу менен Свердлов районунун Чакан жана орто бизнес бирлигинин Банк комитетинин ортосунда белгиленген маселелерди ишке ашыруу боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.