«Электрондук эсеп-фактура 2.0» модулу пилоттук режимде колдонулуп жатат
Мамлекеттик салык кызматы «Электрондук эсеп-фактура 2.0» (ЭЭФ 2.0) пилоттук модулу киргизилгендигин маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы № 705-т тескемесине ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып ЭЭФ 2.0 алты айлык мөөнөткө пилоттук режимде колдонулат.
Жаңы модуль товарлар менен жүргүзүлүүчү операцияларды автоматташтырууну, виртуалдык кампаны түзүүнү жана товарлардын айрым категорияларынын кыймылын санариптик эсепке алууну карайт.
ЭЭФ 2.0 кимдер үчүн милдеттүү?
ЭЭФ 2.0дүн тиешелүү механизмдерин колдонуу белгиленген тизмекке киргизилген товарлар менен операцияларды жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн милдеттүү:
- мунай жана мунайзаттары;
- көмүр;
- алкоголдук продукциялар;
- тамеки продукциялары.
Салык төлөөчүлөр үчүн маанилүү!
Учурда иштеп жаткан «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасы штаттык режимде ишин улантат.
Пилоттук долбоордун жүрүшүндө ЭЭФ 2.0 аркылуу таризделген документтер салык милдеттенмелеринин келип чыгышына, өзгөрүшүнө же токтотулушуна негиз болуп саналбайт.
Демек, ЭЭФ 2.0дүн пилоттук режимде колдонулушу тесттик мүнөзгө ээ жана учурдагы «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасын алмаштырбайт.
Ыктыярдуу катышуу
Милдеттүү тизмекке киргизилбеген товарлар менен операцияларды жүргүзгөн салык төлөөчүлөр жаңы системанын функционалы менен таанышуу жана аны мындан ары колдонууга даярдануу максатында пилоттук долбоорго ыктыярдуу негизде катыша алышат.
Катышуу үчүн:
1. Салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү;
2. «Электрондук эсеп-фактура 2.0» модулуна өтүү;
3. «Виртуалдык кампа түзүү» баскычын басуу зарыл.
Көрсөтүлгөн баскыч басылгандан кийин салык төлөөчү пилоттук долбоордун катышуучусу болуп, ЭЭФ 2.0дүн функционалы менен таанышууга жана аны белгиленген пилоттук режимдин алкагында колдонууга мүмкүнчүлүк алат.
Мындан тышкары, пилоттук долбоордун жүрүшүндө салык төлөөчүлөр системанын жаңы функционалы менен таанышып, аны тестирлөөгө катыша алышат. Ошондой эле модулду мындан ары өркүндөтүү боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Мамлекеттик салык кызматы кайтарым байланыш үчүн ачык жана системаны колдонууга ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды кароого даяр.
