Кыргызстанда дээрлик 1 млн тонна дан жыйналды – буудайдын түшүмү 30,8%га өстү
14 август

Кыргызстанда дээрлик 1 млн тонна дан жыйналды – буудайдын түшүмү 30,8%га өстү

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча пландалган 617 миң гектар аянттын 57,1%ы – 352,7 миң гектары жыйналып бүттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9 миң гектарга көп. Кампаларга 985,1 миң тонна дан жыйналып, дүң жыйым былтыркыга караганда 6,9%га өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүүдө.

Быйыл буудайдын түшүмү өзгөчө жогору болуп, пландалган аянттардын 80,2%ы жыйналды. Буудайдын жалпы дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу 30,8%га өстү. Арпанын да пландалган аянттарынын 59%ы жыйналып, орточо түшүмдүүлүгү гектарына 25,1 центнерге жетти. Бул былтыркыга караганда 15,1%га жогору. Жүгөрү жана чанактуу өсүмдүктөрдү жыйноо иштери жаңы башталды.

Аймактарда да оруп-жыйноо иштери активдүү жүрүүдө. Чүй облусунда пландалган аянттардын 63%ы жыйналса, Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу 20,1%дык өсүш катталды. Жалал-Абад жана Баткен облустарында тиешелүүлүгүнө жараша 56,5% жана 62,3% аянт жыйналып бүттү. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында климаттык шарттарга байланыштуу массалык оруп-жыйноо иштери эми күчүнө кирүүдө.

Дан эгиндеринен тышкары, жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноодо да өсүш байкалууда. Өткөн жылга салыштырмалуу жашылча өндүрүшү 6,1%га, картошка 7,9%га, бакча өсүмдүктөрү 20,4%га өстү. Учурда алардын пландалган аянттарынын тиешелүүлүгүнө жараша 41,1%, 20,6% жана 44,8%ы жыйналды. Техникалык өсүмдүктөрдү – пахта, тамеки жана кант кызылчасын жыйноо иштери алгачкы этапта турат.