Кеминде кунарсыз жайыт жерлерди жакшыртуу иштери жүрүп жатат
Чүй облусунун Кемин районунда кунарсыз жайыт жерлерге чөптүн үрөндөрү себилип жатат.
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, жалпы 72 гектар аянтка төмөнкү көлөмдө үрөндөр себилүүдө:
- Эспарцет – 648 кг
- Кылкансыз түбү бош – 216 кг
- Таракбаш – 216 кг
- Жайыт райграсы – 216 кг
Бул иштер 2025-жылдын күз айларында жүргүзүлүп, Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 50 миллион сомдун эсебинен жайыт чөптөрүнүн жана эспарцеттин үрөндөрү сатып алынган.
Мындан тышкары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан өлкө аймагындагы 9 650 гектар кунарсыз жайыт жерлерди жакшыртуу максатында жалпы 173 292 килограмм үрөн бекер түрдө аймактарга таратылып берилди.
