Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Чолпон-Атада өткөрүлөт
Үстүбүздөгү жылдын 14-15-август күндөрү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Анда Евразия өкмөттөр аралык кеңешине мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары Кеңештин жыйынынын алкагында интеграциялык кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулайт.
Ошондой эле, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алдында 13-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунда VII кыргыз-орус экономикалык форуму өткөрүлөт.
