Куршабдагы базардан чыккан өрттөн жабыркаган соодагерлер жеңилдетилген кредит ала албай жатышат
Өзгөн районундагы базарда мындан 3 айдай мурун өрт чыккан. Андан жабыркаган соодагерлерге ушул убакка чейин жеңилдетилген кредит берилген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.
Айтымында, өрт келтирген чыгым жалпысынан 60 миллион сомго жеткен.
“Ушул жылдын июнь айында Куршаб айылындагы базарда чоң өрт чыгып, 34 соодагер чоң чыгымга дуушар болушту. Аларга өкмөт тарабынан жеңилдетилген кредиттер берилмек болчу, бирок ушул убакка чейин чечилбей жатыптыр. “Айыл банк”, “Элдин банк” аркылуу жардам берсе болот да. Тилсиз жоо эмнеден улам чыкканынын себеби да аныкталбады. Бала-чакасын багып жүргөндөр кыйналып жатышат”, – деди депутат.
Ал бул маселени Министрлер Кабинетинин төрагасына жеткирүүнү президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго тапшырды.
