Кыргызстанда 11-февралда тартып товарларды ташууда навигациялык пломбалар киргизилет
10 февраль

Кыргызстанда 11-февралда тартып товарларды ташууда навигациялык пломбалар киргизилет

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 11-февралынан тартып Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагында навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды ташууда милдеттүү түрдө көзөмөлдөө киргизилип жатканын эскертет.

Навигациялык пломбалар этап-этабы менен колдонулат.

Биринчи этапта аларды пайдалануу төмөнкү товарларды автомобиль жана темир жол транспорту менен ташууда милдеттүү болот:

– алкоголдук продукция;

– тамеки жана тамеки буюмдары;

– ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө атайын экономикалык чаралар колдонулган товарлар.

Кыргыз Республикасынын аймагында навигациялык пломбалар төмөнкүдөй тартипте орнотулат:

• автомобилдик ташууларда — Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрмө пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттарында (Чалдыбар, Ак-Жол, Ак-Тилек, Чоң-Капка, Каркыра);

• темир жол аркылуу ташууларда — Бишкек-1, Аламедин, Рыбачье, Кара-Балта, Кайыңды, Беловодская, Шопоков, Кант жана Токмок станцияларында вагондорду жүктөө учурунда.

Навигациялык пломбаларды алып салуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

• автомобилдик ташууларда — товарды алуучунун аймагында;

• темир жол аркылуу ташууда — көрсөтүлгөн станцияларда вагондорду түшүрүүдө.

Ташуучулар, жөнөтүүчүлөр же экспедиторлор пломба орнотулуучу жерге келерден кеминде 6 саат мурда Салык кызматына төмөнкү электрондук почта аркылуу керектүү маалыматтарды жөнөтүүгө милдеттүү: plomba.eaes@salyk.kg.

Навигациялык пломбага жүктөлүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмеси, ошондой эле Тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулардын Салык кызматы жана улуттук оператор менен өз ара аракеттенүү тартиби Салык кызматынын sti.gov.kg расмий сайтындагы «Билимдер базасы» бөлүмүндө, «ЕАЭБдин алкагындагы навигациялык пломбалар» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Белгилей кетсек, Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары берилген маалыматтардын тактыгына жана алардын иш жүзүндө ташылып жаткан товарларга дал келүүсү үчүн жоопкерчилик тартышат.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы жана тарифтер тууралуу суроолор боюнча улуттук оператор — «Мамлекеттик Бажы инфраструктурасы» ачык акционердик коомуна анын gti.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн байланыш номерлери аркылуу кайрылууга болот.

Башка суроолор боюнча 116 номери же 0 (312) 62-21-07 телефону аркылуу Салык кызматынын колл-борборуна кайрылсаңыздар болот.

Эскерте кетсек, жаңы талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине жана ЕАЭБдин навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык киргизилүүдө.