Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарынын макамын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды
5 март

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарынын макамын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. 

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева тааныштырды. 

Аталган Протоколго ылайык, «Камышановка – автожол» өткөрүү пунктунун аталышын «Төмөнкү Чүй – автожол» деп өзгөртүү, анын макамын эки тараптуу макамдан көп тараптуу (эл аралык) макамга өзгөртүү жана иштөө режимин күндүзгү убакыттан сутка бою иштөө режимине өткөрүү сунушталууда. Ошонондой эле «Кичи-Капка – автожол» өткөрүү пунктунун макамын дагы эки тараптуу макамдан көп тараптуу (эл аралык) макамга өзгөртүү каралган. Бул өткөрүү пункттарынын статусунун өзгөрүшү жагымдуу шарттарды түзүү жана туризмди өнүктүрүү, анын ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, чет элдик туристтерди, инфраструктураны жакшыртууну өнүктүрүү зарылчылыгы менен шартталган.

Талкуу маалында депутат Умбеталы Кыдыралиев чек аранын бир тараптуу жабылышы өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуулугуна кесепетин тийгизерин белгилеп, макулдашууда бул сыяктуу тобокелдиктерди да эске алуу керектигин билдирди. Кыргызстандык экспортчулар кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда бир катар кыйынчылыктарга кабылып, ашыкча чыгымдарга кириптер болуп жатканын айткан депутат Махабат Мавлянова бул маселени чечүү боюнча тийиштүү иштерди алып барууну сунуштады.