ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди
24 январь

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди

2024-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык мүчө өлкөлөрүндө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Кыргызстанда баанын өсүшү (0,9 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарлардын жана алкоголсуз суусундуктардын (1,5 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталды.

2024-жылдын декабрында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (9,5 пайыз) Россияда  катталып, негизинен азык-түлүк товарларына баа эң көп өскөн (11,1 пайызга).