Аскар Сыдыков: Бааларды мамлекет мыйзам менен жөнгө салса, бизнесте атаандаштык азаят
“Баа түзүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү каралган мыйзам долбоору бир катар тобокелчиликтер ээ, анын ичинде коррупциялык факторлорду дагы пайда кылат. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков аталган мыйзам долбоорун парламенттик угуу учурунда билдирди.
Эске салсак, буга чейин ЖК комитети өлкөдө баа түзүү системасын тартипке салуу жана негизсиз кымбаттоолордун алдын алуу максатында сунушталып жаткан мыйзам долбоорун артка кайтарып, парламенттик угууга жиберген.
Сыдыков белгилегендей, мыйзам долбоорунда мамлекеттик органдар тарабынан жеке ишканалардын рентабелдүүлүгү: кирешеси жана чыгашасы аныкталат. Бирок аны так аныктоо мүмкүн эмес: себеби киреше-чыгаша бир калыпта болбойт, дайыма өзгөрүп турат, ошол эле учурда сезонго көз каранды болгон бизнестер бар.
“Мыйзам долбооруна киргизилгени жаткан рентабелдүүлүк түшүнүгү – мамлекеттик органдын өкүлдөрү кайсы бир ишканага барып, кирешең мынча, чыгашаң мынча, жумушчуларыңа мынча акы төлөйт экенсиң деп эсептеп бергени. Балким, бул социалдык маанидеги товарларга кайсы бир деңгээлде ылайыктуу. Бирок билим берүүгө такыр туура келбейт. Жогорку окуу жайлардын, жеке мектептердин контракт акысын так аныктоо кыйын. Анын үстүнө ар бир адам өз эмгегинин баасын өзү аныктоого укуктуу. Адамдар ал кызматты сатып алса – өзүнүн эрки, сатып албаса дагы өзүнүн эрки”, – деди ал.
Сыдыковдун айтымында, баалардын өсүшү менен ушундай ыкмада күрөшүү рыноктогу атаандаштыкты азайтат. Мисалы, билим берүүдө, кызмат көрсөтүүдө рентабелдүүлүккө жараша кызмат акы белгилене турган болсо, бул тармакта бизнес жасагандар башка жаатка, мисалы, алып сатууга өтүп кетиши мүмкүн.
Аскар Сыдыков инфляция жана баалардын өсүшү менен күрөшүүнүн башка рыноктук ыкмалары бардыгын белгиледи:
- атаандаштыкты колдоо – канчалык көп атаандаштык болсо, товарлар жана кызматтар ошончолук арзан болот.
- инфляциянын тамырына жараша иш жүргүзүү – дүйнөлүк фактылар, дүйнөдө баалардын жогорулашы буга себеп.
- бюрократияны жоюу, лицензияларды, уруксат кагаздарды берүүдө процесстерди кыскартуу.
- башка мамлекеттер менен күйүүчү май боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
“Бааларды административдик ыкмалар менен жөнгө сала албайбыз”, – деди Аскар Сыдыков.
Ошондой эле рентабелдүүлүк деген түшүнүктү мыйзам долбоорунан алып салууну сунуштады.
