Кыргызстан жана Канада соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулашты
24 сентябрь

Кыргызстан жана Канада соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 23-сентябрда Канаданын Кыргызстандагы элчиси Кристофер Дагган менен жолугушуу өткөрдү. 

КР ТИМден кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулашты. Айрыкча Бишкекте кыргыз-канадалык тышкы иштер министрликтеринин консультацияларын өткөрүү жана парламенттик байланыштарды өнүктүрүү аркылуу саясий диалогду тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, канадалык бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана канадалык компаниялардын артыкчылыктуу секторлорго кирүүсүн кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар гуманитардык багыттагы кызматташтык маселелерин талкуулашты, анын ичинде билим берүү, маданият, спорт жана туризм, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Канаданын аймагында жумушка орноштуруу жана квалификациялуу кадрларды даярдоо.

Тараптар кызматташтыкты активдештирүүгө жана кыргыз-канадалык мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин тастыкташты.