Кальян жайларынын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
Бүгүн, 26-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова белгилегендей, кальян жайларынын ишин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, аларды көмүскө экономиканын чөйрөсүнөн чыгаруу, мамлекеттик контролду камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Алсак, долбоор менен кальян чегүүгө лицензиясы бар адистештирилген жайларда гана уруксат берүү, аталган кызмат көрсөтүүнү лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмесине киргизүү, кальян жайларына карата санитардык-гигиеналык жана техникалык талаптарды белгилөө, ошондой эле алардын милдеттүү реестрин түзүү сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Айсаракан Абдибаева сунушталып жаткан мыйзам долбоорун ишке ашыруу механизмдерине жана натыйжалуулугуна кызыкты.
Депутат Болот Ибрагимов ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүктөн, колдонуудагы тыюу салуу механизмдери күтүлгөн натыйжаны бербей жатканын белгиледи.
Депутат Улугбек Ормонов тамеки чегүү үчүн өзүнчө жайларды жабдууга коюлуучу талаптарга токтолуп, аларды уюштуруу шарттарын жана белгиленген ченемдерге шайкештигин тактоо зарылдыгын билдирди.
Депутат Камила Талиева «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамдын 13-беренесине көңүл бурду.
Депутат Нилуфар Алимжанова мындай жайларды билим берүү уюмдарынан коопсуз аралыкта жайгаштыруу боюнча талаптарды белгилөө зарылдыгын белгиледи.
Депутат Гульнара Акимбаева кальян жайларына лицензия берүүгө ыйгарым укуктуу органды аныктоо, лицензиялык жыйымдардын өлчөмүн белгилөө, ошондой эле мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик кароо маселелерин көтөрдү.
