Депутат 100 миң сомду башка валютага алмаштырууда маалымкат талап кылууну токтотууну сунуштады
Улуттук банк тарабынан киргизилген акча алмаштырууда маалымкаттарды талап кылуу эрежеси карапайым элге дагы бир түйшүк илди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова билдирди.
Ал белгилегендей, жаңы эрежеге ылайык, акча алмаштыруу жайлары жана банктар 100 миң сомдон көп акчаны алмаштырууда жаран ал акчаны кайдан алганы тууралуу маалымкат көрсөтүүгө тийиш.
“Маалымкат талап кылуу жарандар жана бизнес үчүн ашыкча бюрократияны жаратат. Азыр 100 миң сом айлык акы алгандар бар, а Курулуш министрлигинде 500 миңге чейин алышары белгилүү болду. А акча алмаштыргысы келген жаран банкка же акча алмаштыруу жайына маалымкат көтөрүп барышы керек. Анда санариптештирүүнүн эмне кереги бар, дегеле мындай чектөө эмне максатта киргизилип жатат?” – деп сурады депутат.
Кожомкулова бул маселени парламентте кароону сунуштады.
